Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:13

МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү баштайт


Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин төрагасы Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын баштайт. Агенттиктин директору 28-октябрда Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи менен жолукканы жатат. Анда МАГАТЭ өкүлдөрү Ирандын өзөктүк куралы өндүрүлөт деген жайларын иликтөөгө мүмкүнчүлүк алууну көздөөдө.

Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк программасына жамынып, өзөктүк курал жасайт деп кооптонуп келет. Программасы тынчтык максатты гана көздөрүн ырастаган Иран аны үзгүлтүккө учуратууга умтулганы үчүн маал-маалы менен Батыш өлкөлөрүн жана Израилди айыптап жүрөт. БУУнун Коопсуздук кеңеши бир нече жолу Иранга уран байытууну токтотуу резолюция кабыл алган. Көптөн бери талаш жараткан бул маселе боюнча өткөн аптада Женевада уюштурулган конференция жыйынтыгын Евробиримдик жана АКШ оң баалады.

XS
SM
MD
LG