Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Курманакун Матеновго кылмыш иши козголду


Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матеновго кылмыш иши козголду. Ага Кылмыш-жаза кодексинин алдамчылык беренеси боюнча айып тагылууда. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Матенов Бишкекте жашап туруп, Алайдын Сары-Таш айылында, бийик тоолуу аймакта жашап жатат негизде мамлекеттен пенсия алып турган. Ал 2011-жылдын 10-мартынан 2013-жылдын 1-февралына чейин мамлекетке 409 миң 382 сом зыян келтирген деп күнөөлөнүп жатат.

Бул боюнча Матеновдун өзүнөн азырынча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Иликтөө иштери уланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG