Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:24

Кыялдар орундалат


Өндүрүш Токтонасыров Беларус элчилигинин алдында бир нече жолу митинг өткөрүп, Бакиевдерди экстрадициялоону талап кылган.
Өндүрүш Токтонасыров Беларус элчилигинин алдында бир нече жолу митинг өткөрүп, Бакиевдерди экстрадициялоону талап кылган.
Жашоонун жыргалына кетким келет,
Жайлоонун жашыл отун кечким келет.
Жакшылык үрөн болсо дыйкан болуп,
Жайнатып жер бетине сепким келет.
(Н.Алымбеков)


Кыялга батпаган, анын сыйкырына жетеленбеген адам болбостур.

Ар бирибиз не бир сонун ойлорго батып, өмүр дайрасында, кыял кемесинде чабак урабыз дейсиз… Бирибиз жомоктогудай жашоону эңсейбиз, экинчибиз кол-бут жеткис бийиктиктерге чыккыбыз келет, дагы бирибиз адамзатты таң калтырган ачылыштын, жаңылыктын автору болгубуз келет. Деги койчу, абстрактуу түшүнүк, кубулуш болгону менен кыялда чек жок болот окшойбу.

Бирок беш кол тең эмес демекчи, кыялданбаган, мерес, түнт адамдар да болот. Алар аз, мындайлардын жан дүйнөсү да тар болуш керек. Шүгүр дейличи, жогорудагыларга каршы чексиз сонун кыялы менен бир гана жакшылыкты эңсеп жашаган, жалпы адамзатты тынчсыздандырган көйгөйлөргө бушайман болуп, "канткенде адам улуу адам болот?" деген оор соболго жооп издеген инсандардан куру эмеспиз. Алар: дүйнөлүк адабияттын алпы, жазуучу Чыңгыз Айтматов, америкалык атактуу жарандык активист Мартин Лютер Кинг жана башкалар.

Лютер Кингдин мындан элүү жыл илгери Линкольн мемориалында сүйлөгөн сөзү, кыялы бүгүнкү глобализациянын маалында да абдан актуалдуу, мааниси терең бойдон калууда. Не деген таттуу кыял эле! Тилекке каршы ушундай кыялдын түпкү маанисин түшүнбөгөн же түшүнгүсү келбеген саясатчы сөрөйлөрдүн да болуп аткандыгы жан кейитет.

Эң кейиштүүсү, биз жөнөкөй жарандар аларды элес албайбыз. Алардын ойлоруна каршы пикирибизди ачык айтуудан качабыз. Антпестен, алысты көрө албаган, кыска ойлоп, күнүмдүк жыргалчылыкты гана ойлоп жашагандарга каршы турушубуз зарыл. Бул атуулдук парзыбыз болуш керек.

Дегеле адамга улутуна, өңүнө, дин ишенимине карап мамиле жасоо, "сорттоо" нагыз наадантыктын, маңкуртчулуктун белгиси. Адам ак, кара же сары түстө болобу, баары бир жараткандын белгиси. Анын бир жолу тартууланган өмүрдү татыктуу жашап өтүүгө толук укугу бар. Өңүнүн түсүнө карабай сен, мен, ал сыяктуу эле бала бакчага барып, билим алып, үй-бүлө куруп, өз теңин таап, сүйүп жашоого акылуу да. Эмне үчүн өңү каралардын континентинин өкүлү болгон үчүн биздин катардан четтетилип, оолактанышы керек? Биз, адамдар өңдөрүбүз ар башка болгону менен анатомиялык, физиологиялык жактан түзүлүштөрүбүз, жашоого, өмүргө карата көз караштарыбыз бирдей, окшошпуз. Бардык адамдар үмүт шооласына сугарылып, кыялданып жашайбыз.

Ар түстөгү адамдар болгонубуз үчүн планета да көрктүү, ар түстөгү гүлдөргө окшош. Дүйнө ушунусу менен кызык, табышмактуу жана шаңдуу. Эң кейиштүүсү, биз муну байкабайбыз. Тилекке каршы илимий-техникалык прогресс туу чокуга жеткен маалда деле рассалык бөлүнүп-жарылуу, дин тутумуна жараша мамиле жасоо оорусу бар. Аны танбашыбыз керек. Тескерисинче, ошол сыяктуу өнөкөт «оору» менен күрөшсөк кантет?

Эй, чексиз ааламдын ар кыл тарабында жашап, иштеген замандаштар! Жараткан бизге тартуулаган өмүрдү кыялыбыздагыдай жашап өтүү үчүн эмне кылуу керек? Суроого чогуу-чаран жооп издебейлиби. Мен акмын, сен карасың, ал сары деген бөлүнүп-жарылуу адатын сыйрып таштап, ынтымак-ырашкерликке жетүүнүн жолдорун издейличи…

Мен, алатоолук жарандык активист, дүйнөнүн булуң-бурчтарындагы асыл ой багып, таза кыялдарды эңсеп жашаган прогрессчил мүнөздөгү жогорку маданиятуу, асыл адамдарды күнөстүү Кыргызстанга чакырам. Кегиле досторум, чокусу асман тиреген кыргыз тоолорунун койнунда отуруп, акактай таза абабыздан кере-кере дем алып, рахатка бөлөнөлү, кыялдарга баталы.

Канткенде Африка өлкөлөрүндөгү бир туугандарыбыз жан кейткен кедейчиликтен, кулчулуктан бошонушат, канткенде Араб өлкөлөрүндөгү кыргындуу алааматтар токтойт, канткенде жер жүзүндөгү бардык адамдардын укуктары сакталат жана корголот деп бир кыялга баталы…

Л.Кингдин кыялына кошуп, Кыялдар Музасын жазалы. Кыялдануу сөзсүз түрдө реалдуулукка айланат. Биз кыялданышыбыз керек…

Өндүрүш Токтонасыров: Кыялдар орундалат
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:07 0:00
Түз линк
XS
SM
MD
LG