Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

Атамбаев Бишкек мэриясынын ишине оң баасын берди


Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын бийлиги республикалык бюджеттен каржылоонун тартыштыгына карабай жолдорду оңдоп, борбордун инфраструктурасын жакшыртууга аракет кылып жатканын билдирди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Президент кечээ Түштүк магистралдагы көпүрөнү колдонууга берүү аземинде "жасалып жаткан иштерди көргүсү келбегендер бар" экенин баса белгиледи. Ал 2005-2009-жылдары Бишкекте салынып, оңдолгон жол 18 чакырымды түзсө, 2010-2013-жылдары 118 чакырымга жеткенин кошумчалады.

Кечээ Түштүк магистралда Аламүдүн суусуна курулган көпүрө колдонууга берилген. Түштүк магистралдын Байтик Баатыр көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейинки тилкесинде ушул жылы оңдоп-түзөө иштери башталган. Ага 245,4 миллион сом сарпталды.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматы боюнча, быйыл шаарда 45 чакырым жол оңдолууда. (AKu)

XS
SM
MD
LG