Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Өлкөнүн туристтик жүзүн “Кайталангыс Кыргызстан” бренди ачат


Кыргызстандын туристтик жүзүн аныктоо боюнча сынак жыйынтыкталды. Анда “Кайталангыс Кыргызстан” деген аталыштагы ураан көпчүлүк добушту алды. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Максат Чакиевдин бүгүн маалымат жыйында белгилешинче, эми өлкөнүн туристтик жүзү ушул бренд аркылуу ачылат. “Келген конокторго ар бир аймактын мүмкүнчүлүктөрү тартууланып, ал Ысык-Көлдөгү жайкы сезон менен чектелбеши керек”, - дейт Чакиев. Бул максатта жер-жерлерде туристтик тармактарды өнүктүрүү үчүн кеңештер түзүлөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG