Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

ЕККУ: Грузияда шайлоо таза жана айкын өттү


Георгий Маргвелашвили (оңдо) премьер-министр Бидзина Иванишвилинин (солдо) партиясынан көрсөтүлгөн, Тбилиси, 28-октябрь, 2013
Георгий Маргвелашвили (оңдо) премьер-министр Бидзина Иванишвилинин (солдо) партиясынан көрсөтүлгөн, Тбилиси, 28-октябрь, 2013
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын башчысы Жоао Соарес бүгүн Тбилисидеги маалымат жыйынында буларды айтты:

- Позитивдүү жана ачык шайлоо менен грузиялыктар, постсоветтик башка өлкөлөрдөн айырмаланып, былтыркы тарыхый жана тынч бийлик алмашууну дагы бекемдешти. Саясий эки жааттын тынч иштеши жана азыркы таза шайлоо да, аймактагы башка мамлекеттерге караганда, Грузиядагы демократия күчтөнүп баратканын көрсөтөт.

Кечээги добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктарына ылайык, “Грузия кыялы” башкаруучу коалициясынан көрсөтүлгөн Георгий Маргвелашвили 62% ашуун добуш алган. Анын негизги атаандашы, азыр кызматтан кетип жаткан президент Михаил Саакашвилинин “Бириккен улуттук кыймылынын” талапкери Давит Бакрадзеге 22% добуш тийди.

Бакрадзе утулганын мойнуна алып, Маргвелашвилини жеңиши менен куттуктады. Жаңы президенттин инаугурациясы 17-ноябрга белгиленди.

XS
SM
MD
LG