Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:28

Жогорку Кеңеште айрым өкмөт мүчөлөрү ант берди


Бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрү, вице-премьер-министр Токон Мамытов, энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев, социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев жана УКМК төрагасы Бусурманкул Табалдиев ант беришти. Ант берүү аземине президент Алмазбек Атамбаев катышты. ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков аларга ийгилик каалады. Айрым депутаттар министрлердин дайындалганына көп убакыт болсо да ант бербей жүрүшкөнүнө нааразылык билдиришти.

Өкмөт Социал-демократтар, "Ар-намыс", "Ата Мекен" фракциялары кирген коалициянын сунушунун негизинде куралган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG