Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:13

Израилдин аскер учактары Сирияга чабуул жасашканы айтылууда


Маалыматты Тел-Авив жокко чыгарууда, ошентсе да 31-октябрда Израилдин аскер учактары Сириянын Латакия порт шаарындагы аскер базасын бомбалаганы тууралуу маалыматтар айтылды. Сириялык оппозиция базада орусияда жасалган ракеталар сакталган деп билдирүүдө. CNN америкалык аткаминерге шилтеме кылып, Латакиядагы аскер базада сакталган ракеталар "Хезболлага" берилмекчи болгонун жазды.

Сириянын адам укуктарын коргоо уюму 30-октябрда Латакиядагы аба базасы жардырылганын маалымдаган. Ошол эле күнү Ливандын куралдуу күчтөрү Ливан аркылуу Израилдин алты аскер учагы учуп өткөнүн билдиришти.

Бул Израилдин Сирияга алгачкы соккусу эмес. Буга чейин Израилдин учактары январь жана май айларында Дамаскты бомбалаган. Тел-Авив буга чейин да июль айында Латакиядагы аскер-деңиз бекетин талкалаганы кабарланган болчу.

XS
SM
MD
LG