АКШ президенти Барак Обама Ирактын мамлекет башчысы менен жума күнү Вашингтондо жолугушат. Ирактын президенти "ал-Каида" менен күрөштү күчөтүү үчүн АКШдан жардам зарылдыгын бейшембиде билдирген эле.
Ал Америкалык Тынчтык институтунда сүйлөгөн сөзүндө террорчу уюмдун күч алышына “Араб жазын” байланыштырды. Ирактын лидери "ал-Каида" менен күрөшүү үчүн чалгын кызматтарын күчөтүүгө муктаж экенин билдирген.
Апта башында АКШнын Сенаты Обамага жазган катында Ирак президенти Малики өлкөсүндө зордук-зомбулуктун күч алуусуна жол берип жатат деп айыпташып, "ал-Каиданын" күч алышына, суннилер менен шииттердин ортосундагы каршылыктын күч алуусуна күнөөлөшкөн болчу.