Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:55

Кулов: Кылмыш иши саясий себептер менен козголду


Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынын, парламенттеги башкаруучу коалициянын башчысы Феликс Кулов маалымат жыйында билдирди. “Улуттук гвардия өкмөткө тиешелүү эмес болчу.

Бул саясий себептерден улам козголуп жатат. Улуттук гвардия өкмөткө караштуу болгон эмес”, - дейт Кулов. Бирок ал курулуш куруу демилгесин ким көтөргөнү тууралуу суроого жооп берген жок.

Апта башында Башкы прокуратура “коррупция” беренесинин негизинде Улуттук гвардиянын аймагына мыйзамсыз курулуш куруу жана тарыхый эстеликтерди мамлекеттик тизмеден чыгаруу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Ал ошол кездеги премьер-министр Феликс Куловдун колу коюлган токтомдун негизинде берилген. Токтомдо №1 аскердик шаарчада жайгашкан казарманын, ашкананын, медициналык пункттун, чакан басмакананын имаратын, ага таандык болгон 1,6 гектар жер аянтын “ЮНИС-Курулуш” ишканасына өткөрүп берүү сунушталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG