Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Өзбекстан: Ким кимди жазалоодо?


Гүлнара Каримова Ipad менен Өзбекстандын эгемендик салтанатында атасы - Ислам Каримовдун бийлеп жатканын тартууда. Ташкент, 1-сентябрь, 2012.
Гүлнара Каримова Ipad менен Өзбекстандын эгемендик салтанатында атасы - Ислам Каримовдун бийлеп жатканын тартууда. Ташкент, 1-сентябрь, 2012.

Өзбекстандан чыккан соңку жаңылыктар президент Каримов кызы Гүлнараны же кызы атасын жазалап жатабы деген суроолорду жаратты.

Президент Ислам Каримовдун тун кызы, бийликтеги мураскер болушу мүмкүн делип жүргөн Гүлнара Каримованын Twitter социалдык түйүнүндөгү соңку билдирүүлөрүнө караганда, ал атасынын айланасындагы таасирлүү адамдар менен күрөшүүгө өткөндөй жана атасына нааразы болгондой таасир калтырат.

"Атасынын кызы" эмнеге капа?

Гүлнара соңку комментарийлеринин биринде Өзбекстандын атайын кызматынын башчысы, генерал Рустам Иноятовду айыптап, ал “өлкөнүн кийинки президенти болуу үчүн күрөшүн баштады”, менин эл арасындагы “популярдуулугумдан” “чочуйт” деп жазган.

Президенттин кызы ошондой эле өз комментарийлеринде ага тиешелүү Terra Group медиа холдингине каршы салыктан качты деген айып менен башталган тергөө-иликтөө иштерин сындап, анын компанияларына коюлган айыптар “асмандан алынганын” белгилеген.

Буга чейин өзүнүн жана шериктеринин айрым Батыш өлкөлөрүндөгү банк эсептери тоңдурулган президенттин кызынын үстүнөн мекенинде да кара туман айлана баштаганынын белгилери 20-октябрда да билинген эле.

Гүлнаранын Twitter сайтындагы комментарийлери. 31-октябрь, 2013-жыл.
Гүлнаранын Twitter сайтындагы комментарийлери. 31-октябрь, 2013-жыл.
Бул аптада Ташкенттеги “Инфинбанктын” кызматкерлери “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматына Terra Group компаниясынын банк эсептери тоңдурулганын ырасташты.

Мунун алдында Өзбекстанда Каримовага жана анын ишкер өнөктөштөрүнө караштуу деп саналган үч радионун жана төрт телеканалдын берүүлөрү ободон алынган эле.

Ал медиа структуралар президенттин кызын, анын бизнес жана маданий долбоорлорун сүрөөгө алуу багытында иш жүргүзүшчү.

Өзүнө караштуу телерадиолору ободон алынганын Каримова шаршемби күнү кайра эле Twitter баракчасы аркылуу ырастады.

Лондондо жашаган өзбекстандык талдоочу Алишер Илхамов “Азаттыктын” өзбек кызматы менен маегинде Гүлнара Каримова үчүн көйгөйлөр эми Өзбекстандын өзүнөн чыгып жатканын төмөнкү жагдайлар менен байланыштырды:

- Атасы буга чейин эч нерсе билген эмес, кызынын туура эмес иштерин билген соң эми ачууланып жатат деген ырастоолор менимче байоолук болот. Бул эмне үчүн эми чыгып олтурат? Анткени бул саясий системанын, ага катар президенттик үй-бүлөнүн келечеги менен байланыштуу. Себеби экөөсү бири-бири менен тыгыз байланышта. Президенттик үй-бүлө бүткүл системанын маанилүү бөлүгү да. Жыйынтыгында сөз азыр Гүлнара Каримовага тиешеси бар делген жана камакка алынган банк эсептериндеги 800 миллион доллар жана маалымат каражаттарынынын ырастоосу боюнча, Лола Каримова көзөмөлдөйт деген 400 миллион доллар жөнүндө жүрүп жатат. Үй-бүлөнүн келечеги дегенимде мен кокус бийлик алмашып кеткен учурда алар бул акчага таяна албай калуусу мүмкүн экендигин эске алып жатам. Албетте үй-бүлөнүн атасы иретинде Каримов мындай жагдайдын жаралуусуна капа болбой коё албайт. Ал эми өлкө ичиндеги ресурстар бийлик алмашкан кезде башка колдорго оңой эле өтүп кетет да. Андыктан алар өлкө ичиндеги да, сыртындагы ресурстарга да таяна албай калып жатышат да. Бул экөөсү тең азыр суроо алдында турат.

Буга чейин маалымдалгандай, арам акчаны адалдоо жагынан Каримова катышы бар болушу ыктымал делген тергөө иштери быйыл Швейцарияда, Францияда, Швецияда башталган.

Бийлик жана үй-бүлө

Телерадиолору обого чыкпай калар алдында маалыматтар боюнча, Гүлнара Каримовага дагы бир олуттуу сокку урулган. Башкача айтканда, Өзбекстандын атайын кызматтары анын бир тууган бөлөсү Акбарали Абдуллаевди кылмыштуу топ уюштурган деген айып менен камакка алышкан.

Гүлнаранын Twitter сайтындагы комментарийлери. 1-ноябрь, 2013-жыл.
Гүлнаранын Twitter сайтындагы комментарийлери. 1-ноябрь, 2013-жыл.
Билгендердин айтымында, Акбарали Абдуллаев Фергана өрөөнүндө мунай соодасын көзөмөлдөчү жана Гүлнара Каримовага бир тууган гана бөлө болбостон, ага ишкер өнөктөш деп саналчу.

Өзбекстан Элдик кыймылы деген оппозициячыл уюмдун сайтында жарыяланган баяндамага караганда, тар чөйрөдө, эки бөлөнүн ортосунда президенттик кызматты экөөсүнүн биринин мураскерлөөсү жөнүндө сөз жүргөн.

Бул сүйлөшүүнүн мазмууну президентке кийинчерээк Өзбекстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Рустам Иноятов тарабынан жеткирилген. Каримованын Иноятовго ачууланганынын бир себеби ушуга байланыштуу болушу мүмкүн.

Ал экөөсү ортосунда чатак Каримованын бөлөсү камакка алынгандан кийин тутанган.

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев “Азаттык” менен маегинде президенттик үй-бүлөнүн ич ара же бийликтеги башка топтор менен кармашы кезинде Казакстанда, кандайдыр бир дэңгээлде Кыргызстанда да болгонун эске салып, буларга токтолду:

- Өзбекстанда болуп жаткан нерселер Гүлнара Каримовага байланышкан соңку чуулгандуу кабарларды эске албаганда, жалпысынан президент Ислам Каримовдун улгайган жаш курагынан улам анын ыктымал мураскери жөнүндөгү кеп сөздөрдүн күчөшү - болочокто мамлекет башчынын үй-бүлөсү кандай ролду ойнойт деген суроону биринчи планга чыгарууда. Назарбаев сыяктуу эле Каримовдун үй-бүлө мүчөлөрү элита ичиндеги чатактар менен тирешүүлөрдүн булагы болуп келген. Кезинде Казакстанда президенттин мурдагы күйөө баласы оппозицияга кетип, мамлекет башчысына каршы маалымат согушун четтен жүргүзгөн сыяктуу мен Өзбекстанда да чатактардын күчөшү менен анын үй-бүлөсүнүн айрым өкүлдөрү азыркы бийликке каршы чыгып, президентке проблема жаратуусун жокко чыгарбайм.

Бир туугандыктан кечкен эже-сиңдилер

Жашы жетимиш бешке карап калган Ислам Каримовдун кезектеги бийлик мөөнөтү 2014-жылы декабрда аяктайт. Бирок бир эле учурда президенттик жана парламенттик шайлоо болбойт деп табылгандыктан, кийинки президенттик шайлоо мыйзам боюнча 2015-жылдын жазында өтүүсү керек.

Гүлнаранын Twitter сайтындагы кат алмашуулары. 29-октябрь, 2013-жыл.
Гүлнаранын Twitter сайтындагы кат алмашуулары. 29-октябрь, 2013-жыл.
Гүлнара Каримованын бийликтеги башка күчтөр менен маалымат согушунда социалдык сайттар колдонулуп жаткандыктан, ал канчалык нукура, президенттин кызынын эмес, башкалардын иши же атайы уюштурулган сценарий эмеспи деген суроолор да чыгууда.

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев “Азаттык” менен маегинде дагы буларды кошумчалады:

- Ал маалыматтар үй-бүлө мүчөлөрүнүн өздөрү же алардын каршылаштары тарабынан чыгарылабы, бул маанилүү эмес. Бирок бир чындык бар. Бийлик алмашуу боюнча чыңалуу менен маалымат согушу да күчөйт. Бул ар кандай максатты көздөшү мүмкүн. Эмне болуп жаткандыгы боюнча чыныгы кырдаалды көргөзүү же жалган маалымат таратып, коомду башка нукка жетелөө аракетинде жасалышы мүмкүн.

Өзбекстандан элита өкүлдөрүнүн бири-бирин көөлөгөн маалыматтарды чыгаруусу алдыда күчөйт деген жоромолдорго “Азаттык” менен маегинде “Хьюман Райтс Уочт” уюмунун кызматкери Эндрю Строхлейн да кошулду.

Twitter социалдык түйүнүндө Гүлнара Каримова менен бир жылдан бери кат алмашарын белгилеген Строхлейн андагы билдирүүлөр президенттин кызынын өзү тарабынан жасалганына ишенерин айтат:

- Ташкентте бир нерселер өзгөрүп жаткандай. Гүлнаранын душмандары ага каршы чара көрүүгө киришкендей. Бул - адаттан тыш көрүнүш. Биз Twitter сайтында дээрлик бир жылдан бери кат алмашып келе жатабыз. Комментарийлердеги көптөгөн деталдар Гүлнара өзү жазды деп ойлоого негиз берет. Twitter сайтындагы даректи ал өзүн пропагандалоо үчүн колдонууга аракеттенип келген. Мен ал чын экенине ишенем.

Соңку окуяларга чейин Гүлнара Каримованын чет өлкөдө жашаган сиңдиси Лола менен да кайым айтышуусу бери дегенде интернет колдонуучуларга маалым болгон эле.

Оболу Лола Каримова Би-Би-Сиге берген адаттан тыш интервьюсунда эжеси менен он эки жылдан бери бир туугандык байланышы жоктугун айтып чыккан эле.

Буга Instagram баракчасы аркылуу жооп кайтарган Гүлнара сиңдисин акча уурдаганы жана “көз байлоочулар” менен достошкону үчүн айыптаган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG