Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Органикалык азыктардын көргөзмөсү жыйынтыкталууда


Бишкекте 1-ноябрда башталган көргөзмөнү Bio-KG Органикалык кыймыл федерациясы уюштурууда. Көргөзмө "Кыргызстанда органикалык айыл чарба өндүрүшүн жана жашыл экономиканы өнүктүрүү" аттуу Экинчи улуттук органикалык форумдун алкагында уюштурулду.

Көргөзмөгө тамак-аш азыктары: бал, эт-сүт, мөмө-жемиштер, кыргыздардын салттуу көчмөн ашканасынын рецепттери боюнча талкандан жасалган азыктар, улуттук суусундуктар, тоо жемиштеринен жана мөмөлөрдөн кайра иштетилген продукция, топоздун эти жана башка көптөгөн азыктар коюлду. Көргөзмөгө Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан табигый, органикалык продукцияны өндүргөн 50гө жакын компаниялардын өкүлдөрү катышууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG