Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Атай Өмүрзаковдун тобу Чехия-Словакиядагы сынактын жарым финалына чыкты


Чехиянын Prima телеканалында өтүп жаткан сынактын бул жыйынтыгы бүгүн Бишкек убактысы боюнча түнкү төрттө билинди. Атай Өмүрзаковдун "Тумар" бийчилер тобу жарым финалга сегиз талапкер ичинен телекөрөрмандар арасындагы СМС добуш берүүнүн натыйжасында чыкты. Мунун алдында "Тумардын" үч бийчисинин өнөрүн калыстар тобу жана залдагы көрөрмандар ордуларынан тура калышып, кол чабуулар менен кубатташкан. Алардын артынан сахнага көтөрүлгөн Атай Өмүрзаков үч бийчини чех жана словак аудиториясына “окуучуларым” деп тааныштырды.

Буга чейин Атай Өмүрзаков өзү 2011 -жылы "Чехия менен Словакияда талант бар" сынагынын баш байгесин жеңип алган эле. Бийчи жана анын тобу быйыл Орусия Биринчи каналынын "Даңаза ирмеми" телесынагынын да жарым финалына өткөн. Бирок эки күн мурда бийчи социалдык түйүндөр аркылуу Орусиядагы сынак мындан ары адилет болбосун жана ага катышуудан баш тартканын жазып чыкты. (UE)

XS
SM
MD
LG