Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

Кыргызстанда көмүскө экономика 40% түзөт


Мындан мамлекетке жыл сайын 5 млрд. сом түшпөй калууда. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн Коргоо кеңешинин кезектеги жыйынында Экономика министри Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, учурда мамлекеттик сатып алуулар өлкөдөгү коррупциялашкан тармактардын бирине айланган. “Өлкө мамлекеттик сатып алуулар үчүн 20 млрд. сом коротот. Эң ишенимсиз жана көз боёмочулук менен жасалган документтер ушул тармакта”, - деди Сариев. Мындан сырткары патент алуудан качкан учурлар көп экенин, шаардагы базарлар, унаа токтотуучу жана коомдук тамактануучу жайлар салыктан качып, чыныгы кирешесин жаап-жашырарын кошумчалады. (КЕ/ZB)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG