Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:28

Оштогу орус консулдугунун алдындагы пикет тарап кетти


Оштогу орус консулдугунун алдындагы пикет тарап кетти. Кабарчыбыздын айтымында, 20 чакты активист аял Москвада жүргөн кыргыз мигранттардын укугунун корголушун талап кылып чыккан. Бирок консулдуктун кызматкерлери тарабынан аларга эч реакция болгон жок. Нааразылык акциясына чыккандардын көбү мигранттардын жакындары.

Пикетти уюштурган "Кыргыз журтум" коомдук бирикмесинин лидери Сапаргүл Бердалиеванын "Азаттыкка" айтымында:

- Домофондорун иштетпей, телефонго жооп бербей, чыкпай коюшту. Адам катары да сыйлабаганын билдиришти. Биз ушуну менен токтоп калбайбыз го.

Окуя боюнча комментарий алыш үчүн "Азаттык" Орусиянын Оштогу консулдугуна кайрылды, бирок анын кызматкерлери маалымат берүүдөн баш тартты. Бүгүн консулдуктун алдында пикет уюштурулуп, орус бийлигинен Москвадагы кыргыз мигранттардын укугунун корголушу талап кылынды. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG