Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Бишкекте Айтматовго арналган көргөзмө ачылды


Бишкектеги Мамлекеттик көркөм өнөр музейинде Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Ага маданиятка эмгеги сиңген ишмер, белгилүү сүрөтчү-графикачы Сабиджан Бабаджановдун эмгектери коюлган. Айтматов туулган Таластын Шекер айылында 1988-жылы ачылган музейдин долбоорун Бабаджанов иштеп чыккан болчу. Анын чыгармачылыгында Айтматов темасы өзгөчө орун ээлейт. Жазуучунун өзүнүн, анын чыгармаларындагы баш каармандардын портреттери, сүрөттөлгөн пейзаждары тартылган. Эки альбом чыгарылган. Залкар жазуучу тирүү болгондо быйыл декабрда 85ке чыкмак. (RK)

XS
SM
MD
LG