Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Евробиримдик Косоводогу шайлоо боюнча билдирүү жасайт


Евробиримдиктин байкоочулары Косоводогу жергиликтүү шайлоо боюнча бүгүн билдирүү жасашат. Аймак Сербиядан бөлүнүп кеткен 2008-жылдан берки алгачкы шайлоо сербдер үстөмдүк кылган чөлкөмдөрдө зомбулук менен коштолду. Белград Косовонун көз карандысыздыгын таануудан баш тартып келатканы менен этникалык сербдерди жекшемби күнкү өнөктүккө катышууга үндөшкөн. Апрелде Евробиримдиктин арачылыгы менен Приштина жана Белград мамилелерди нормалдаштыруу боюнча келишим түзүшкөн.

Борбордук шайлоо комиссиясы түндүк райондордон келген бюллетендерди саноону улантууда. Митровица шаарында белгисиз адамдар 3 добушканадагы кутуларды талкалап, добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратышкан. Алдын ала жыйынтыктарга караганда, көпчүлүк шаарлардын мэрин шайлоо үчүн экинчи айлампа өткөрүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG