Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

"Эйр Кыргызстан" Дубайга уча баштайт


"Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын борт коштоочусу, "Манас" эл аралык аба майданы, Бишкек, 13.06.2013.
"Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын борт коштоочусу, "Манас" эл аралык аба майданы, Бишкек, 13.06.2013.
"Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясы Дубайдагы жаңы курулган "Ал-Мактум" эл аралык аба майданына Бишкектен 9-декабрдан тарта каттай баштайт. Бул каттамды Боинг–737 учагы тейлеп, рейс дүйшөмбү жана жума күндөрү кечке маал каттайт. Бул тууралуу "Эйрлайн рутс" авиация порталы маалымдады.

Буга чейин Бишкек – Дубай каттамын Бириккен Араб Эмираттарынын "Флай Дубай" авиакомпаниясы гана тейлеп келген. Ал эми "Флай Дубай" өзүнүн Бишкекке каттамдарынын санын аптасына үчтөн бешке көбөйттү.

Учурда Бишкек – Дубай учак жол киреси бир тарапка 371 доллар. Аты аталган эмираттык авиакомпания Оштон Дубайга аптасына эки ирет каттап, Ош – Дубай билети 301 доллар. (BAz)

XS
SM
MD
LG