Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

Футзал: Медиа лиганын оюндары башталды


Кечээ Бишкекте массалык маалымат каражаттарынын жана чыгармачыл чөйрөнүн футзал боюнча Медиа лига чемпионатынын жаңы оюндары башталды. Бул тууралуу футбол федерациясынын башкы катчысы Дастан Конокбаев маалымдады.

Мелдеште 11 команда мөөрөй талашууда. Биринчи оюнда былтыркы чемпион НБТ командасы "Тамашоу" командасын 15:1 эсебинде утту. Актерлордун тандалма командасы менен sport.kg, top.kg гезити менен "Европа плюс", "АКИpress" менен Коомдук биринчи телерадио корпорациясынын командалары беттешти.

Кийинки аптада ЭлТРдин, “Марал” радиосунун, Дене тарбия жана спорт агенттигинин командалары таймашат.

Жазгы мелдеште "Европа плюс" радиосунун командасы жеңүүчү болгон. (КМа)

XS
SM
MD
LG