Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:27

Кыргызстанда “ЖаштарКэмп” жыйыны өтүүдө


Бүгүн Кыргызстандын Бишкек, Ош, Каракол жана Баткен шаарларында бейөкмөт уюмдар уюштуруп жаткан “ЖаштарКэмп” жыйындары өтүүдө. Ага катышкан улан-кыздар өздөрүн кызыктырган жана тынчсыздандырган маселелерди көтөрүп, аларды чечүүнүн жолдорун талкуулашууда.

Ош шаарында өтүп жаткан жыйынга 500гө чукул улан-кыздар катышууда. Алар мамлекеттүүлүк, коомдук активизм, жаңы технологиялар жана ишкердик жаатында маселелерди карашууда.

Ушундай эле жыйындар 9-ноябрь күнү Кант жана Лейлек шаарында өткөн.

“ЖаштарКэмп” жыйыны Кыргызстанда 2009-жылдан тарта өткөрүлүп келет. Жыйындын негизги максаты жаштардын идея, демилге алмашууга, жаңы идеяларды сунуштап, аларды ишке ашыруунун жолдору тууралуу ой бөлүшүүгө, ошондой эле өздөрүнө пайдалуу маалыматтарды алып, өнөктөштөрдү табууга мүмкүнчүлүк берүү болуп эсептелет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG