Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

Женевадагы ядролук сүйлөшүү ийгиликсиз аяктады


Ирандын талаштуу ядролук программасы боюнча Женевадагы үч күндүк сүйлөшүүдө тараптар мунасага келбеди. Эми сүйлөшүү 20- ноябрда болоору боолгонууда. АКШ Мамкатчысы Жон Керри 10-ноябрда кездешүүнүн жыйынтыгы боюнча сүйлөп:“Биз азыр Женевадан жөнөп жатып, биз бул жерге келгендегиден максатыбызга жакын калганыбыз талашсыз деп ойлойм. Жакшы ишеним менен жакшы иштеп келерки жумаларда биз өз максатыбызга жете аларыбыз анык,” - деди.

Сүйлөшүүгө бир жактан Иран, экинчи тараптан Р5+1 тобуна кирген АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция, ошондой эле Германия катышты. Батыштын бакубат өлкөлөрү Тегеран ядролук программасын өнүктүрүүнү токтотсо, Иранга каршы санкцияны жеңилдеткенге макул экени кабарланган. Алар Иран атомдук бомбанын үстүнөн тымызын иштөөдө деп шектенишет. Ирандын ырасташынча, программасы тынчтык максатын гана көздөйт.

XS
SM
MD
LG