Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

Пакистан бийлиги Малаланын китептерине тыюу салды


Жеке мектептерге Малала Юсуфзайдын китептерин “исламга жана Пакистанга каршы мазмуну үчүн” колдонууга тыюу салынды. Чиновниктер Малаланы Батыш өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп жатат, ал эми анын китептеринде Мухаммед пайгамбарга сый-урмат жок жана “кудай безери” деп айыпталган жазуучу Салман Рушди тууралуу жакшы пикирлер бар деп айыпташууда.

Малала Юсуфзай пакистандык кыздардын билим алуусу үчүн күрөшкөн окуучу кыз, аны мектептен кайтып келе жатканда талибдер башка аткан. Британдык хирургдардын жардамы менен аман калган Малала Юсуфзай адам укугу жаатында бир нече эл аралык сыйлыктарды алды.

XS
SM
MD
LG