Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:32

Кедей үй-бүлөнүн балдарына жөлөкпул көбөйдү


Кыргызстанда кирешеси аз, кедей үй-бүлөдө багылып жаткан балдарга мамлекет тарабынан берилчү жөлөкпул 60 сомго көбөйдү. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты. Буга чейин ар бир балага 465 сомдон берилип келсе, 1-ноябрдан тарта ай сайын төлөнчү акчанын суммасы ар бир балага 525 сомдон болот. Бүгүнкү күндө жөлөкпулдун мындай түрүн алчулардын жалпы саны өлкөдө 345 миңди түзөт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG