Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Айтматовдун 85 жылдыгына арналган иш-чаралар башталды


14-нобярда Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесине арналган негизги иш-чаралар болот. Алгач Бишкектин борбордук аянтындагы жазуучунун эстелигине гүл коюлат, андан кийин "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде жазуучуга тургузулган күмбөздүн ачылышы болот. Ага мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев катышат. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бүгүн Бишкектеги мамлекеттик резиденцияда Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи ачылат. Түштөн кийин Улуттук филармонияда “Айтматов жана анын Ысык-Көл форуму: Маданияттар диалогу жана 20-кылымдагы цивилизация жакындыгы” деп аталган Эл аралык форум болот. Бул форумга дүйнөнүн 19 өлкөсүнөн чыгармачыл адамдар, илимпоздор, саясатчылар жана башка интеллектуалдык чөйрөнүн өкүлдөрү катышат.

Ошондой эле бүгүн Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган “Арт-Ордо” театралдык фестивалы Якутиядан келген артисттердин “Үмүттүн жээги” деп аталган спектакль менен ачылат. Аталган спектакль жазууучунун “Деңиз бойлой жорткон Ала дөбөт” чыгармасынын негизинде коюлган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG