Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Президент Атамбаев Түштүк Кореяга барат


Президент Алмазбек Атамбаев келерки жуманын башында Корея Республикасында расмий сапарда болот. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе айымдын чакыруусу боюнча уюштурулуп жаткан расмий сапардын учурунда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө багытында сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, жыйынтык документтерге кол коюлат.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыковдун "Азаттыкка" айтымында, быйыл эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелерге 21 жыл толду. Президенттин деңгээлинде расмий сапар алгачкы жолу өткөнү жатат. Түштүк Кореяда, расмий маалымат боюнча 3,5 миңдей кыргызстандык бар. Алардын 1,5 миңге жакыны өкмөт аралык программа боюнча иштегени кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG