Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Транзит борбор боюнча нота АКШ элчисине тапшырылды


“Манас” аба майданындагы Транзиттик жүк ташуучу борборду Кыргызстандан чыгаруу боюнча нота АКШ элчисине тапшырылды. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев элчи Памела Спратлен менен жолугуп, борбор боюнча эки тараптуу келишим келерки жылдын 11-июлунда күчүн жоготоорун билдирди.

Транзиттик борборду мурда сүйлөшүлгөн мөөнөттөн жарым жыл эрте чыгаруу тууралуу чечим парламентте кабыл алынган болчу. Кийин бул тууралуу жарлыкка президент кол койгон.

Нотаны тапшырып жатып министр Абдылдаев Кыргызстан антитеррордук күрөшкө өз салымын кошуп келатканын, АКШ менен ар тараптуу кызматташтык мындан ары да улана берээрине ишене турганын айтты.

2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы ири теракттан кийин НАТО Ооганстанда антитеррордук операциясын баштаган. Ага катышкан учактарды тейлөө үчүн Бишкектин “Манас” аэропортунда база ачылган. Учурда бул базада миңдей АКШ аскери кызмат өтөйт. Ижара акысы үчүн америка өкмөтү жыл сайын Кыргызстанга 60 миллион доллар төлөйт. (RK)

XS
SM
MD
LG