Бириккен улуттар уюмунун Гуманитардык иштер боюнча өкүлү Валери Амос бүгүн Маниладан журналисттерге сүйлөп жатып, тарыхтагы эң кыйраткыч тайфундардын биринен катуу жабыркаган айрым бөлүктөрүнө алты күндөн бери жардам жете электигин айтты. “Биз адамдардын өлүмүнө жол берип койдукпу деп коркуп жатам”, - деди ал.
Ал арада АКШнын “Жорж Вашингтон” учак ташуучу кемеси бүгүн Филиппинге жетти. 5000 аскери, 59 учагы жана 21 тик учагы бар кеме чукул жардам операцияларына колдонулат.
Жапония да 1000 аскерин, кемелерин жана учак жиберүүнү пландаштырып жатат. Азырынча Филиппиндеги “Хаян” тайфунунан 2357 адам өлгөнү расмий тастыкталды.