Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:49

Кыргыз өкмөтү Михаил Наделди эл аралык сотто утту


Мурдагы «Азияуниверсалбанктын» (азыркы «Росинбанк») кожоюну делген Михаил Надел жана Ithaca Holding Inc компаниясы кыргыз өкмөтүнө 281 миң доллар төлөп бериши керек. Мындай чечим Дублиндеги эл аралык арбитражда кабыл алынганын бүгүн Кыргызстандын Улуттук банкы кабарлады. Надел апрел окуясынан кийин жаңы бийлик банкты улутташтырууда анын менчик укугун бузганын айтып, 400 миллион доллар талап кылып сотко кайрылган болчу. Бирок кийин доо арызын кайра алган. Кыргыз өкмөтү бул сот үчүн жалдаган америкалык Winston&StrawnLLP юридикалык фирмасынын тейлөө акысына 281 миң доллар өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн. Башкы прокуратура Михаил Наделге "мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим менен бирге банкты мыйзамсыз басып алган, кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаган" деген айыптоолордун негизинде иш козгоп, 16 жылга сыртынан кескен. (RK)

XS
SM
MD
LG