Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

Аба ырайы


22-ноябрга чейин Кыргызстандын аймагында абанын температурасы кескин төмөндөйт. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, бул аралыкта жаан-чачын көп болуп, тоолуу аймактарга кар түшөт. Жолдор тайгак болот жана кар күрткүсү күтүлөт. Абанын температурасы өрөөндөрдө түнкүсүн -10 градуска чейин, күндүз -7 градуска чейин суук болот. Тоолуу аймактарда түнкүсүн -30, күндүз -15 градуска чейин суук болушу мүмкүн.

Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7...-12, түндүк тарабында -12...-17, күндүз -2...-7,
Талас жергесинде түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...-7,
Баткен облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...-5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз -1...-6,
Нарын облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз -3...-8
Тоолордо түнкүсүн -20...-25, күндүз -5...-10 болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Түнкүсүн -9…-11, күндүз -2…-4 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG