Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:41

Ташиев: “Ата-Журт” тийиштүү чараларды көрөт


Акматбек Келдибеков саясий буйруктун негизинде камалган деген пикирин “Азаттыкка” “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, бийлик Келдибековду камоо аркылуу оппозицияны талкалоо максатын көздөп жатат. Ташиев “Ата-Журт” партиясы тийиштүү чараларды көрө турганын кошумчалады. Учурда буга байланыштуу кеңешүүлөр жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен партиянын мындан аркы кадамдары аныкталмакчы.

Акматбек Келдибековду УКМК кызматкерлери кармап кетип, сурак берип жатканы бүгүн түштөн кийин белгилүү болгон. Бирок анын кармалышынын себептери айтылбай жаткан. Учурда Келдибеков УКМКнын убактылуу кармоо жайында отурат. (BkA)

XS
SM
MD
LG