Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Жумгал: Кара-Кечеде атышуу болду


Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинен тастыкташты. Аталган министрликтин маалымат катчысы Жоробай Абдраимовдун айтымында, бүгүн кечке жуук 10го жакын адамдын ортосунда чыр чыгып, атышуу менен аяктаган. Андан жапа чеккендер болгон-болбогону боюнча азырынча маалымат жок. Бул чатакка катышкан 8 адам кармалып, Жумгал райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Атышуунун себептери, кимдер катышканы учурда териштирилип жатат.

Кара-Кече Кыргызстандагы эң ири көмүр кени. Буга чейин бул кенди көзөмөлдөгөн топтордун бар экени айтылып келген.(BkA)

XS
SM
MD
LG