Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

“Ата-Журттун” саясий кеңеши чукул жыйынга чогулат


Бул тууралуу аталган партиянын төрага орун басары Данияр Жаныкулов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, кечээкиге белгиленген саясий кеңештин чукул жыйыны бүгүнкүгө жылдырылган. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун камалышы талкууланып жана мындан аркы кадамдар аныкталмакчы. “Ата-Журт” фракциясы Жогорку Кеңеш жыйынында Башкы прокурор Аида Салянованын Келдибековдун камалышы тууралуу маалыматын угуу маселесин сунуштамакчы.

Акматбек Келдибеков кечээ түштөн кийин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Башкы прокуратура аны 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон деп айыптоодо. Келдибеков муну саясий куугунтук катары баалап, бийликтин буйругу менен болду деп эсептейт.(BkA)

XS
SM
MD
LG