Камакка алынган Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасы 22-ноябрда каралат. Азырынча сотко өткөн жок. Башкы прокуратурадан “Азаттыкка” маалымдашкандай, Кылмыш-Жаза кодексине ылайык, кармалган жарандын баш коргоо чарасы камалгандан 48 саат өткөндөн соң каралат.
Акматбек Келдибеков коррупциялык иштерде айыпталып, Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына 20-ноябрда камалган. Аны бошотууну суранган 100дөй адам бүгүн Ак үйдүн жанына митингге чыгып, түштөн кийин тарап кетти. Ушундай эле талап менен Алай районунун Гүлчө айылында 200 чамалуу адам Ош - Эркеч-Там жолун бууп турат. (SE)