Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

Ташиев: бийлик мыйзамсыз кадамга барууда


Депутат Акматбек Келдибековду колдоп, Ошто өтүп жаткан митинг учурунда “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев топтолгондорду акциянын аягына чейин бекем турууга чакырды. Экс-депутат Келдибековдун камалышын бийликтин буйрутмасы деп баалады.

Уюштуруучулардын айтымында, митингге ушул тапта миңге жакын киши катышууда. Ал эми милиция келгендердин саны 500 чамалуу экенин ырастоодо.

Келдибековдун жакындары депутат коё берилбесе, Кыргызстандын негизги жолдорун бууй турганын эскертишти.

Камалган депутатты бир аз мурда Бишкектеги Октябрь райондук сотуна баш коргоо чарасын кароо үчүн алып келишкен.

Депутат Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына 20-ноябрда камалган. Буга нааразы болгон 200дөй адам 21-ноябрда Ош-Эркеч-Там жолун Гүлчө айылына кире бериштен бууп, кечке жуук ачышкан. (SE\ErN)

XS
SM
MD
LG