Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Пакистанда эмдөө өнөктүгүнө тартылган мугалимдер уурдалды


Пакистандын түндүк-батышында согушкерлер полиомиелитке каршы эмдөө өнөктүгүнө тартылган 11 мугалимди уурдап кетишти.

Жергиликтүү тартип коргоочу Хиали Гүлдүн билдиришинче, мугалимдер Хыбер аймагындагы "Хира" коомдук мектебинен уурдалды. Куралчандар аларды балдарды эмдегенден кийин кармап кетишти.

Балдардын шал оорусу менен күрөшүп жаткан саламаттык сактоо кызматкерлерин талиптер мусулмандарды тукум курут кылууну көздөгөн Батыштын тыңчылары деп күнөөлөп келишет.

XS
SM
MD
LG