Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:02

Бакуда теракт даярдагандар соттолду


Баку шаарынын соту "Евровидение" ыр конкурсу учурунда теракт уюштурууну пландаган деп айыпталган 29 кишиге өкүм чыгарды.

Топтун 3 мүчөсү өмүр аягына чейин эркинен ажыратылды. Калгандары 9 жылдан 15 жылга чейин абакка кесилди.

Сот ушул жайда башталган. Өткөн жылкы "Евровидениеден" кийин Азербайжандын коопсуздук министрлиги террорчул кутумдун бетин ачышканын жарыялаган. 40тан ашуун шектүү адам кармалган. Буга чейин бери дегенде 7 киши терроризм жана чыккынчылык үчүн 12 жылдан 14 жылга чейин кесилген.

Тергөөчүлөр ал топтун кошуна Иран менен байланыштары болгонун маалымдаган. Кабарларга караганда, кутумчулардын лидери конкурстун алдында аларды кармоо операциясы учурунда атып өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG