Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Бангкокто чукул кырдаал киргизилди


Таиланддын премьер-министри Йинглак Чинаваттын буйругу менен борбор шаар Бангкоктун айланасындагы райондордо өзгөчө кырдаал киргизилди. Анын алдында өкмөттүн отставкасын талап кылган демонстранттар финансы, тышкы иштер министрликтерин жана башка өкмөттүк имараттарды ээлеп алышкан. Алар 2011-жылы шайланган премьер айым агасы, 2006-жылкы аскердик төңкөрүштүн жыйынтыгында өкмөт башчылыктан кулатылган Таксин Чинаваттын кол баласына айланып калганына нааразы болушууда. 2 жылдан кийин жемкордук үчүн айыпталган Таксин өз каалоосу менен сүргүндө жашап келатат. Бирок карындашы жетектеген өкмөткө таасири өтө күчтүү. Чукул кырдаал тууралуу мыйзамга ыйлайык, бийлик жолдорду жабууга, коопсуздукка коркунуч жаралган учурда тиешелүү аракет көрүүгө, комменданттык саат киргизүү жана белгиленген аймактарда компьютер, чөнтөк телефондорду колдонууга тыюу салууга укуктуу. Премьер-министр кызматтан кетпей, парламентти да таркатпай турганын билдирди. 2010-жылдын апрель айында Таиланддагы нааразылык чыгууларында 90дон көп киши каза тапкан.

XS
SM
MD
LG