Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:27

Жети-Өгүздө саруулуктар митингге чогулууда


Ысык-Көлдөгү Саруу айылынын жашоочулары ушул тапта Жети-Өгүз районунун борборуна барып, нааразылык акциясын өткөрүүгө камданууда. Алар камакта жаткан айылдаштарын бошотуу талабы менен чыгышат. Митинг райондук администрациянын жанында болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыл тургуну Абай Узаков билдирди. Анын айтымында, митинг өткөрүү боюнча райондук бийликке 25-ноябрда маалымдалган.

Район акими Дамир Моңолдоров акция тууралуу билдирүү аларга кечки саат сегиз жарымда келгенин айтты:

- Райондук тартип коргоо органдарына бул боюнча кабар жеткирилген. Акцияга канча адам катышаары анык эмес. Митингге чыккандарга эч кандай тоскоолдук болбойт, - деди Моңолдоров.

7-октябрда Каракол шаарында кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумуна каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктаган. Ал боюнча 23 адам кармалган, учурда жетөө УКМКнын тергөө абагында. Ошондон бери айыл тургундары митинг учурунда камалгандарды бошотуу талабын коюп келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG