Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Жалал-Абадда милициянын жансыз денеси табылды


Жалал-Абад шаардык милициясында иштеген Каржаады Жумабаевдин жансыз денеси 26-ноябрь күнү кечке жуук Сузак районундагы Таш-Булак айылынан табылган. Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, маркумдун башына ок тийгени аныкталган.

Жумабаев өзүнө бекитилип берилген кызматтык “Нива” автоунаасынын ичинде табелдик ок атуучу “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчаны оң колунда кармаган абалда жан берген. Жанындагы аялынын көкүрөгүнө ок тийип, жараат алган. Учурда ал ооруканада дарыланууда.

Милициянын маалыматында айтылгандай, маркум алгач аялын атып, андан соң өзүнө ок чыгарган болушу мүмкүн. Иликтөө иштери уланууда.

Милициянын капитаны Каржаады Жумабаев Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн Курманбек аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы болуп иштеп турган. (YA)

XS
SM
MD
LG