Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:09

Саруулуктарга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барат


Бүгүн Ысык-Көлдүн Саруу айылынын тургундары кайрадан нааразылык митингине чыгышаарын аталган айыл активисттеринин бири Абай Узаков “Азаттыкка” билдирди.

Алар 26-ноябрда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевдин Саруу айылына келишин талап кылып Каракол-Балыкчы жолун буушкан. Каптагаев чогулгандарга кат аркылуу кайрылган, бирок нааразылык акциясынын катышуучулары Каптагаевдин өзү келишин талап кылып, үч күн мөөнөт чектешкен.

Бүгүн Сарууга Жети-Өгүз районунун акими, Ички иштер башкармалыгынын облустук жетекчиси баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барып эл менен сүйлөшөт. Саруулуктар камактагы балдарды бошотуу талабын да коюп жатышат. Талаптарга көңүл бурулбаса, алар кайрадан жол тосуларын эскертишүүдө.

XS
SM
MD
LG