Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:31

Бишкекте майыптар митинг өткөрүүдө


Ушул тапта Ак үйдүн алдында майыптар бирикмесинин мүчөлөрү митинг өткөрүп жатат.

Алар Жогорку Кеңеш майыптардын укугу боюнча эл аралык конвенцияны кабыл алуудан мурда, ички мыйзамдарды жолго коюуну талап кылып атышат. Митингге чыккандар социалдык төлөмдөрдү, мамлекеттик жардамдарды көбөйтүүнү суранышууда.

Кыргызстан 2011-жылы БУУнун ассамблеясында Майыптардын укугун коргоо боюнча конвенцияга кошулган. Конвенция толук ишке кириши үчүн ага парламент менен президент макулдугун бериши керек.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда бүгүн майып адамдардын саны 120 миңдин тегерегинде, алардын 60 пайызы ишке жарактуу курактагылар. (AKu)

XS
SM
MD
LG