Дарыяга аккан 40 тонна бензиндин айынан эки күндө бир тоннадай балык өлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
26-январь күнү Бишкек-Ош жолунун боюндагы Чычкан дарыясына ХОВО үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кулап, 20 жаштагы айдоочу каза болгон. 40 тонна бензин агып кеткен. Окуя болгон жерде суу жандыктарын сактап калуу жана материалдык зыяндарды тактоо үчүн эколог кызматкерлер иштеп жатат. (YA\SE)