Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

Грузия жана Молдова ЕБ менен ассоциацияга макул болушту


Вильнюста өтүп жаткан Чыгыш өнөктөштүгү саммитинде Грузия жана Молдова Европа биримдиги менен Ассоциациялык келишимди алдын ала жактырышты.

Европа лидерлери Украина менен да бул келишимге кол коюуга ниеттенишкен, бирок бир апта мурда украин өкмөтү бул документти кол коюуга даярдоо иштерин токтоткон.

Украинанын президенти Виктор Янукович 28-ноябрда Европа өлкөлөрүнүн бир нече лидерлери менен жолуккан, бирок турумун өзгөрткөн жок. Бүгүн Янукович Германиянын канцлери Ангела Меркел менен сүйлөштү, бирок сөз эмне тууралуу болгону азырынча белгисиз.

Франциянын президенти Франсуа Олланд жана башка европалык лидерлер Украина үчүн эшик ачык экенин белгилешти.

Украинанын президенти Виктор Янукович Киев Евробиримдик менен тарыхый пактка “жакынкы келечекте” кол коёрун айтты.

"Украина Ассоциациялык келишимге жакынкы келечекте кол койгусу келерин мен тастыктайм", - деди Янукович журналисттерге Вильнюста. (AiK)

XS
SM
MD
LG