Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Кыргызстандагы кылмышка шектелген түрк жараны кармалды


2011-жылдан бери издөө жүргөн Түркиянын жараны Кул Жихан 28-ноябрда Италиянын борбору Римде кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кул Жихан Кыргызстандагы кабаттуу үйлөрдүн батирин сатууда шылуундук кылган деп шектелүүдө. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүүнүн жарандарга келтирген зыяны ондогон миң доллар деп бааланган.

Аталган жаран Интерполдун Кыргызстандагы жана Италиядагы борбордук кеңселеринин биргелешкен аракети менен кармалды. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы аны Кыргызстанга алып келүү боюнча иштер жүрүп жатканын кабарлады. (AKu)

XS
SM
MD
LG