Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

Киев: демонстранттарга күч колдонулду


"Рейтерс" агенттигинин сүрөтчүсү Глеб Гаранич да жараат алды
"Рейтерс" агенттигинин сүрөтчүсү Глеб Гаранич да жараат алды
Киевде милиция евроинтеграцияны колдогон демонстранттарды кууп таркатты. Күбөлөрдүн айтымында, Ички иштер министрлигинин атайын күчтөрү Эгемендик монуметинин жанында калган жүздөй кишиге каршы жаш агызчу газ, союлдарды колдонушкан. Аянттан тартылган сүрөт, видеолордон кан жалаган адамдарды көрсө болот. Бир нече кишинин ооруканага жеткирилгени кабарланууда.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, тартип коргоочуларга каршылык көрсөткөндүгү үчүн 35 киши кармалды. АКШнын Украинадагы элчилиги демонстранттарга каршы күч колдонууну айыптап, өкмөттү жарандык коомдун укуктарын урматтоого чакырды.

Бир нече күндөн бери Украинанын бир катар шаарларында Евробиримдик менен ассоциация келишимине кол коюу талабы менен нааразылык акциялары өтүп жаткан. Жума күнү 10 миңдеген киши президент Виктор Януковичтин кызматтан кетишин талап кылып Киевдин борборуна чыгышкан. Ошол эле күнү президент Вильнюста өткөн Чыгыш өнөктөштүк саммитинде документке кол коюудан баш тартты.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG