Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:50

Украин оппозициясы массалык акцияларга камданууда


Украинанын президенти Виктор Янукович Европа Биримдиги менен жакындашуу багытын уланта берээрине ишендирди. Бүгүнкү билдирүүдө айтылгандай, бул процессти тездеттирүү үчүн президент бар күчүн жумшайт. Жума күнү Вилнюстагы саммитте Киев биримдик менен ассоциация тууралуу келишимге кол коюудан баш тарткандан кийин евроинтеграциянын колдоочуларынын акциялары күчөдү.

Оппозиция лидерлери бүгүн да массалык демонстрацияларга чыгууга үндөп келди. Алар эрте парламенттик шайлоо өткөрүүнү жана президент Януковичке импичмент жарыялоону талап кылышууда. Кечээ кечинде баш калаадагы Михайлов чиркөөсүнүн жанында 10 миңдей кишинин катышуусунда ири митинг болду. Ага чейин Эгемендик майданындагы демонстранттарга каршы полиция күч колдонгон.
Янукович ал окуяны айыптап, күнөлүүлөр жазаланаарына убада берген.

XS
SM
MD
LG