Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Швейцария кыргызстандык дыйкандарга жардам берет


Швейцария өкмөтү кыргызстандык дыйкандардын сугат суу маселесин чечүү үчүн 8 миллион доллар грант берди. Бул акча Кыргызстанга Дүйнөлүк банк аркылуу келет. Швейцария элчилигинин өкүлү Турсунай Чодурованын "Азаттыкка" айтымында, долбоор сугат суу пайдалануунун ачыктыгын, натыйжалуулугун арттырып, суунун айынан чыккан чыр-чатактардын алдын алат. Долбоорго республиканын баардык аймактарынан 481 ассоциация тартылат. Бул суу пайдалануучулар ассоциацияларынын курамында 236 миң киши бар. (RK)

XS
SM
MD
LG