Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:46

Киевде өкмөт үйү курчоодо калды


Киевде миңдеген демонстранттар өкмөт үйүн пикеттеп жатышат. Алар имаратка кире бериштерди тороп, Микола Азаров жетектеген кабинеттин отставкага кетишин талап кылышууда. Милиция кызматкерлери имаратты курчоого алышты. Бирок азырынча кийлигишкен жок.

Бир нече күн мурун Украина жетекчилиги Евробиримдик менен келишимге кол коюудан баш тарткандан кийин өлкөдө нааразылык акциялары тынчыбай келатат. Президент Виктор Януковичтин кызматтан кетишин жана эрте шайлоонун өткөрүлүшүн талап кылган опопзиция жалпы улуттук иш таштоо жарыялады. Каршылык көргөзүү штабдары бардык облустарда түзүлдү. Борбор шаарга жер-жерлерден активисттер келе баштады. Кечээ Киевдеги Эгемендик аянтына ар кандай маалыматтарга караганда, 500 миңдей киши чыкты.

Евробиримдиктин кеңейүү иштери боюнча комиссары Штефан Фуле “пикир келишпестиктер тезирээк чечилүүгө тийиш” деп Твиттерге жазды.
НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен тынчтыкка чакырып, “демократиялык коомдо саясий карама-каршылыктар күч колдонбостон, зордук-зомбулуксуз чечилиши керек” деп билдирди.

XS
SM
MD
LG