Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:42

УКМК: Даттангандардын көбү милицияга нааразы


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматына даттангандардын көпчүлүгү милицияга нааразы. Бул тууралуу бүгүн УКМКдан кабарлашты. Быйыл жыл башынан бери аталган кызматка 2901 жаран арыз-даттануу менен кайрылган. Алардын 389у ички иштер органдарынын кызматкерлерине байланыштуу. Андан кийинки орундарда жергиликтүү бийлик, билим берүү, сот, мамлекеттик каттоо, медицина, энергетика, прокуратура жана башка мамлекеттик органдар турат. Арыздардын 949у кабыл алынып, алардын 59у боюнча кылмыш иш козголду.(RK)
XS
SM
MD
LG