Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:38

Түндүк Европа катуу бороонго кабылат


"Синтия" куюнунан кийинки көрүнүш, Майнц шаары, Германия, 28-феваль 2010-ж.
"Синтия" куюнунан кийинки көрүнүш, Майнц шаары, Германия, 28-феваль 2010-ж.
"Ксафе" (Xaver) бороону бүгүн 5-декабрда Скандинавия жана Түндүк Европа өлкөлөрүн кыйгап өтөт. Бул тууралуу Германиянын метеорология кызматы эскертти. Германия жана Нидерландынын түндүгү жана Даниянын батышы эң катуу соккуга дуушар болот. Шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде саатына 115 чакырымга жетет. Ал эми Британиянын түштүк-чыгышында куюндун ылдамдыгы саатына 87 чакырымга жетет.

"Ксафе" куюнунан улам Германия, Голландия жана Данияда бир нече учак жана кеме каттамдары токтотулат. Түндүк деңизге сапарга аттанууга тыюу салынып, деңиздеги мунай кендериндеги иш убактылуу токтойт.

Октябрдын аягындагы Европа кабылган "Ыйык Иуда" бороонунан 18 адам каза таап, 1.4 миллиард доллар чыгым болгон. Ал бороон Ирландия, Франция, Бельгия, Нидерланд, Германия, Дания, Швеция, Норвегия, Латвия, Эстония жана Финляндия сыяктуу өлкөлөрдү кыйгап өткөн. (BAz)

XS
SM
MD
LG